• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдөгү эки колонияда жаңы имарат жана оорукана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Чүй облусундагы №19 түзөтүү мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы имарат, ал эми №31 атайын мекемеде эл аралык деңгээлдеги көп тармактуу оорукана ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Чүй облусунун Сокулук районундагы №19 түзөтүү мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармала турган атайын комплекстин заманбап режимдеги имараты пайдаланууга берилди.

“Бул КР Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, аталган категориядагы адамдарды кармоону, ошондой эле аларды талаптагыдай коргоону жана изоляциялоону, аларга дайыма көзөмөл жүргүзүүнү, соттолгондордун жана мекеменин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат”, - деп билдиришти Жазаларды аткаруу кызматынан.

Мекеме заманбап курулуш нормаларына жана талаптарына ылайык, ошондой эле соттолгондорду түзөтүү жана аларды социалдаштыруу, ошондой эле рецидивдин алдын алуу үчүн зарыл болгон шарттарды эске алуу менен курулган.

Долбоордун жалпы баасы 373 млн сомду түздү.

Ошондой эле Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №31 медициналык түзөтүү мекемесинде 265 орундуу көп тармактуу оорукананын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул жерде соттолгондор оорунун бардык түрлөрүнөн дарылана алышат. Обьектти курууга республикалык бюджеттен 340 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий