• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көпчүлүк аймактарда бүгүн кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында бүгүн кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1, ...+4. Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16.

Бишкек менен Ошто 12-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий