• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция дайынсыз жоголгон 30 жаштагы жигитти тапты

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайратты тапты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кайрат үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

2020-жылдын 5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Күн мурун, 8-сентябрда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумабек уулу Кайраттын Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталып, жакындарына аман-эсен тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий