• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көпчүлүк тармактарда инвестициянын өсүшү белгиленди - Улуттук статистикалык комитет

Экономика 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. 2019-жылдын январь айында инвестициянын негизги көлөмү кайра иштетүү өндүрүш, кен байлыктарды казып алуу боюнча объекттердин курулушуна жана турак-жай курулушуна жумшалган. Бул тууралуу Улуттук эсептердин экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова маалымат жыйынында билдирди.

Ал негизги капиталга болгон инвестициянын көлөмү дээрлик 3 млрд. сом болгонун белгиледи.

"Негизги капиталга инвестиция көлөмүнүн өсүшү суу менен камсыздоо, калдыктарды иштетүү жана тазалоо, унаа ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, кайра иштетүүчү өндүрүшкө объекттердин курулушуна, маалымат жана байланыш, билим жана башка тейлөө ишмердигинен тышкары көпчүлүк тармактарда байкалган. Ички булактардан каржыланган инвестициянын көлөмү 7,9%га өссө, тышкы булактар боюнча 36,9%га азайган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий