• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: 2019-жылдын август айындагы окуяларга бир жыл: Окуяларга баа берүү жана анализ

Аналитика 0

Былтыр Кой-Ташта болгон окуялардан бери бир жыл өттү. Эскерте кетсек, былтыр 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып келүү операциясы жүргүзүлгөн.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата 8 кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирген. Анын айтымында, алар - "Массалык башаламандык уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Барымтага алуу", дагы төрт иш адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана бейбаштык фактылары боюнча. Башкы прокурор билдиргендей, курамына тергөөчүлөр кирген ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Ал белгилегендей барымтага алуу жана массалык башаламандыктар боюнча Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев жана М.Шаменовдор кармалган. Жамшитовдун айтымында, Атамбаев курал колдонуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу, тергөөгө каршылык көрсөтүү, барымтага алуу, 1 адамды өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет көрүү фактылары боюнча шектелүүдө. 7-август күнү кечинде Кой-Ташта А. Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон жана 40тан ашык киши жаракат алган.

Саясий серепчи Евгений Донченко Кой-Таштагы окуялар боюнча ою менен бөлүштү.

"Болуп өткөндү түшүндүрүү, логикалык баа берүү кыйын. Ал баары үчүн күтүүсүз болду. Аймактагы жана эл аралык коомчулук Кыргызстан бардык кризистерден өтүп, цивилдүү өлкө катары өнүгө баштаганына көнгөн. Атамабаев өзү да ал тууралуу бир нече жолу айтып, парламентаризм, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү, демократиялык өзгөрүүлөргө негиз салган. Өзүнүн нормаларын, эрежелерин өзү бузду. Конституциялык принцип, мыйзамдарды бузду. Менде логикалык түшүндүрмө жок. Ага эмне түрткү болду, башкысы ал эмнени күттү? Эл 2000-жылдарда башталган кыйын күндөрдү өткөрдү. Эл революциялардан чарчады. Айрыкча Кыргызстандын жарандары 2010-жылдагы тарыхий сабакты эстеп калышты жана ал убакка кайткысы келбейт. Азыр туруксуздаштыруучу аракеттер жеке коопсуздукка коркунуч катары кабыл алынат. Ошондуктан 2019-жылдын август айындагы окуялар Алмазбек Атамбаевдин жеке уттурушу. Анын кадыр-баркына доо кетип, аны демократиялык лидер катары эстешери күмөн", - дейт ал.

8-августта укук коргоо органдары Алмазбек Атамбаевди кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Кой-Таштагы башаламандыктар, атайын кызматтын кызматкеринин өлтүрүлүшү жана укук коргоо кызматкерлеринин жаракат алышы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарынын ооруканаларына жана Чүй облусунун бириктирилген ооруканасына ар кандай жаракаттарды алган 45 киши кайрылган.

8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын бузуп, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөнүн билдирген.

Эскерте кетсек 27-июнда атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевден кол тийбестигин алуу боюнча чечим кабыл алган.

"Тигил же бул өлкөдөгү саясий соттук процесстер мамлекеттин эл аралык кадыр-баркына терс таасирин тийгизет. Бирок ал керектүү жана туура практика. Бир катар кылмыштар болду жана мыйзам бузгандар жоопко тартылышы керек. Өлкө лидери малекеттин жана анда жашаган элдин коопсуздугун ойлошу керек. Эми андан сабак алып, анын кайталанышына жол бербеш керек", - дейт ал.

2019-жылы августтагы окуяларды иликтеген комиссия бир катар себептерди атаган:

1) Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзам алдында баары бирдей деген талаптарын жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү тууралуу кылмыш-процессуалдык мыйзамдарынын талаптарын тоготпогон аракеттери;

2) А. Атамбаев жана анын тарапташтарынын экс-президент наамынан ажыратуу жана аны күбө катары тергөө органдарына чакыруунун "мыйзамсыздыгы" боюнча элди адаштырышы;

3) А. Атамбаев жана анын тарапташтарынын мамлекеттик бийлик органдарынынын кадырын кетирүү, терс коомдук пикирди жаратуу боюнча маалыматтык өнөктүгү;

4) окуяларды А. Атамбаев жана анын тарапташтарынын позициясы менен аларга караган ММК, буйрутма материалдар аркылуу чагылдыруу жана социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу аймактар аралык кастыктык козутууга багытталган публикация жана комментарий менен өлкөдөгү абалды курчутуу;

5) Айрым саясий жана коомдук ишмерлердин, мурда жогорку кызматты ээлеген адамдардын митинг, маалымат жыйын жана башка иш-чараларга катышып А. Атамбаевдин аракеттерине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү, Кой-Ташта каршылык маанайдын көрүнүшүн жаратуу;

6) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону уюштуруудагы жана 2019-жылдын 7-8-августтагы окуялар боюнча элге маалымат жеткирүүдөгү жетишсиз иши;

7) А. Атамбаевди күчтөп алып келүүдө абал курчуганда УКМК менен ИИМдин бөлүм жетекчилеринин ортосундагы начар координациялык иш-аракет;

8) жергиликтүү бийликтин тартип жана коопсуздукту камсыз кылуудагы жетишсиз иш-аракети;

Комиссия Алмазбек Атамбаев элди адаштырып, өлкөдөгү бийликти күч менен басып алууга, башалмандыкты уюштурууга аракет кылган деген жыйынтыкка келген. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар үчүн жоопкерчилик Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий