• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери мэрия менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматынын кызматкерлери менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын жана темир жол өтмөктөрүн иликтөө боюнча коммиссия түзүлүп, төмөнкү жоболор бекитилди:

- Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын жана темир жол өтмөктөрүн иликтөө боюнча комиссиянын курамы бекитилди;
- Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын жана темир жол өтмөктөрүн иликтөө боюнча планы бекитилди;
- Планга ылайык, көчө-жол тармагын жана темир жол өтмөктөрүн изилдөө жүргүзүү;
- Көчө-жол тармагын жана темир жол өтмөктөрүн күз мезгилинде иликтөө боюнча иштеринин жыйынтыгын ушул жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарынын мэриясына жеткирүү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында унаа жүрүүчү жолдордо жана мектептердин айланасындагы жолдордо жол белгилерин карап чыгып, кемчиликтерди орундатуу боюнча иштер каралды.

Пикир

Оставить комментарий