• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери жайкы каникулга байланыштуу окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери жайкы каникулга байланыштуу мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 4 айында Бишкек шаарынын аймагында 150 жаш бала катышкан жол кырсыгы катталып, 166 өспүрүм жол кырсыгынан ар кайсы жаракаттарды алышкан.

Ошондуктан Милициянын кайгуул кызматы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында бүгүн да Свердлов районунда жайгашкан №21, №10 жана №16 жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти.

"Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видео роликтер көрсөтүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий