• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Чүй районунун Искра айылында жайгашкан Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жашоо шарттары менен таанышты.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 300 орунга эсептелген мекемеде учурда 286 мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык кызматтарды алуучулар жашайт.

Министр уктоочу корпусту, ашкананы, кампа жайларын, жашылча сактоочу жайды карап чыкты.

Кампалар көмүр менен камсыздалып, жылытуу казандары оңдолуп, кыш мезгилине даяр эки генератор бар. Кампасында азыктары 3 айга запасы бар. Токмок ССМ жылытуу мезгилине даяр.

Канализациянын көйгөйлөрүнө байланыштуу канализациялык септик курулган.

Пикир

Оставить комментарий