• 88.68
  • 95
  • 0.95

Келечек конушуна футбол аянтчасын куруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. "Келечек" конушунун жашоочулары менен жолугушуу өтүп, ага Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө конушка футбол аянтчасын куруу, мечит жайгашкан жер тилкесин мыйзамдаштыруу, №15 көчөдө жайгашкан жер тилкелерине мунапыс берүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков бул маселелерди шаардык тиешелүү кызматтардын катышуусунда комиссиялык кароону тапшырды.

Андан соң, район башчысы Элебесов көчөсүндөгү жолдун курулуш иштерин текшерди.

Пикир

Оставить комментарий