• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада жол кырсыгында каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине жиберилет

Коом 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Москва шаарында жол кырсыгында каза болгон эки кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Москванын Братиславская көчөсүндө такси жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болгон.

Алардын тек-жайы такталып, Кыргызстандын жарандары экени аныкталган: 28 жаштагы К. кызы Б. жана 30 жаштагы А.К.

Унаанын 25 жаштагы айдоочусу С.Р. дагы Кыргызстандын жараны. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү 12 мартка белгиленген, деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий