• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайрат Иманалиев белгилүү италиялык балерина Лилиана Кози менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Италиянын «Nuovo baletto classico» балет академиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Лилиана Кози менен жолугушту

Ведомтводон билдиришкендей, жолугушуу А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмаз Истамбаев менен биргеликте өтүп, кыргыз балетин өнүктүрүү жана кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой бүгүн эле Италиянын «Nuovo baletto classico» балет академиясы менен А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Легендарлуу балерина Лилиана Козинин Кыргызстанга болгон сапары жана меморандумга кол коюу иштери Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаевдин жардамы болду.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында биргелешкен долбоорлорду - балет артисттерин өз ара окутуу, стажировка, гастролдорду, мастер-класстарды өткөрүүнү макулдашты.

Белгилей кетсек, легендарлуу балерина Лилиана Кози Чолпонбек Базарбаев менен сахнада бирге бийлеген.

Пикир

Оставить комментарий