• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров Казакстанга жумушчу сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий