• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Италия маданий чөйрөдө кызматташуу боюнча келишимге кол койот

Маданият 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Италия маданий чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койот. Бул тууралуу Италиянын Кыргызстандагы элчиси Паскуаль Д’Авино президент Сооронбай Жээнбековго Ишеним грамотасын тапшырып жатып билдирди.

Анын айтуусунда, документке кыргыз тараптан жогорку окуу жайлардын бири кол коёт.

“Эл аралык кызматташуунун негизги модели маданиятка негизделип, биздин жүрөгүбүздө жана аң-сезимибизде түзүлөөрүн президент экөөбүз билдирдик. Жакында Бишкектеги университеттердин бири менен маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлат. Италия ЮНЕСКО мурастары арасында дүйнөлүк лидер болуп келет”, - деп бөлүштү дипломат.

Ал белгилегендей, президент менен жолугушуу абдан жакшы өттү.

“Кыргызстандын президенти Италияда болуп, италиянын тамактарын, маданиятын көрүп, ал жактык болуу кандай экенин билет. Мен Кыргызстанды сүйүп калгандай, ал Италияны сүйүп калгандыгы абдан мени кубандырат. Эң негизгиси – досуңдун өлкөсүн сүйүү”, - дейт элчи.

Андан тышкары Паскуаль Д’Авино ушул кыска убакытта Кыргызстандын кайсыл жерлерин көрүп, эмне жаккандыгы тууралуу бөлүштү.

“Мен ушул күндөрдө кыргызстандыктардын Италияга болгон көңүлүн көрө алдым. Мисалы, биз караокеге барып, ырлардын көбү италиялык тилде экендигин көрдүм. Мен Кыргызстандын Ысык-Көл, Соң-Көл аттуу жерлерине барганга жетиштим. Ала-Арча капчыгайында Кыргызстанды сүйүп калган италиялык альпинисттерди жолуктурдум”, - деп кубанычтуу белгиледи ал.

Элчи баардык кыргызстандыктарга өзүнүн эң жакшы каалоо-тилектерин билдирип, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук фундамент бекемдеп, эки эл бири-бирин билүү каалоосу мындан да жогорулашына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий