• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайрымдуулук Фондтор балдарга “Муундар маеги” майрамын уюштурду

Коом 0

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Бишкектин Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында “Ассанабил” коомдук фонду тарабынан балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата өспүрүмдөрдүн катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. “Муундар маеги” аттуу саамалык 500 ашуун томолой жана жарым жетим балдарга арналган. Майрамдык иш-чарага ЖК депутаты Тазабек Икрамов, КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова жана ”Катар Хайрия” фондунун мүдүрү Халид Вакил, “Ассанабил” коомдук фондунун жетекчиси Саид Баюми, белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер жана эстрада жылдыздары катышты.

Салтанатта балдар үчүн оюн-зоок уюштурулуп, өспүрүмдөр тайпаларга бөлүнүп, көрүнүктүү инсандар менен ар-кыл темада кенен маек курушту. Маектин темасына жараша балдар өз ойлорун сүрөт кылып, шайы кебез бетине түшүрүштү. Келген коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Соңунда балдар тарткан сүрөттөрү жөнүндө ой бөлүшүп, ар бир тартылган сүрөттөр шарларга байланып асманга учурулду.

Майрамдык иш чара жыйынтыкталып, балдарга белектер жана шириндиктер таркатылды. Майрамга келген 500 баланын ар бирине ар квартал сайын берилип туруучу 6 миң сомдон жөлөк пул таркатылды. Майрамдын сонунда келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, баары бир ооздон –“келечек муундарды өстүрүүдө ушундай иш чаралар керек” экендигин басап белгилеп өтүштү. Аягында майрамды уюштурган “Ассанабил” жана “Катар Хайрия” коомдук фондторунун мүдүрлөрү сөз сүйлөп, бүгүнкүдөй иш чара жыл сайын кайталанып тураарын айтышты.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иштери менен алектенген «Ассанабил» коомдук фондунун камкордугунда бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 2 мин бала бар. Алар ай сайын жөлөк пул жана атайын жардамдардан тышкары, өзгөчө майрамдык күндөрдө көңүл сыртында калтырылбай келет. Ал эми бүгүнкү бул жолку 1-июнь эл аралык балдары коргоо күнүнө карата Катар элчилиги менен биргеликте өткөрүлгөн иш чарага болгону Чүй өрөөнүндөгү 500 бала катышты.

Пикир

Оставить комментарий