• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Улут болсоң – тилиң менен улутсуң” аттуу иш чара өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 20-сентябрда “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш чара өткөрүлөт. Маданий иш чара 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө арналат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш чаранын максаты мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий