• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калифорнияда плотинанын бузулуу коркунучунан улам тургундарды эвакуациялоо жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Калифорнияда плотинанын бузулуу коркунучунан улам тургундарды эвакуациялоо жарыяланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Жергиликттүү бийлик бүгүн Калифорния штатынын Оровилл плотинасынын этегинде жайгашкан элди плотинанын бузулуу коркунучунан улам эвакуациялоону жарыялады. Плотинадагы эрозиядан улам, жакынкы убакта суу каптоо болушу мүмүкн. Бир нече жлдан кийин быйылкы кыштагы катуу жааган кардам улам Оровилл дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө.

1962-1968-жылдары курулган Оровилл плотинасы АКШдагы эң бийик гидротехникалык курулуш болуп саналат, анын бийиктиги 230 метрди түзөт. Плотинанын этегинде 16 миң калкы бар Оровилл шаары жайгашкан.

Булак: ТАСС

Пикир

Оставить комментарий