• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калктын оң баасы А.Атамбаев Кыргызстанда туруктуулукту сактай алгандыгын көрсөтөт – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Калктын оң баасы Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда туруктуулукту сактай алгандыгын көрсөтөт. Мындай пикирин бүгүн саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Эскерте кетсек, The Gallup Organization институту 2017-жылдын февраль-мартындагы Кыргызстандын жашоочуларын сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялаган. Сурамжылоо калктын 65%ы Кыргызстандын өнүгүү багытын туура деп эсептеп жана 73%ы Президент А.Атамбаевдин ишине оң баа бергендигин көрсөткөн.

Анын айтымында, акыркы 4 жылда Кыргызстанда байкалган саясий туруктуулук жарандардын пикиринде белгилүү бир роль ойногон. Албетте, коомдук пикирди сурамжылоонун объективдүүлүгү дайыма талаштарды жаратып келет. Бирок, коомдук жашоонун чындыгы тууралуу айтсак, анда чындыгында, акыркы 4 жылда өлкөдө митингдердин саны кескин кыскарган. Белгилүү болгондой, Кыргызтан эл аралык аренада акыркы 10-12 жылда митингдердин өлкөсү катары кабылданып келген.

“Ошентсе да, акыркы жылдары митингдик чыңалуулардын саны кескин кыскарды. Албетте, быйыл анча чоң эмес митингдер өттү, бирок, алар жердик мүнөздө болду. Жалпысынан, Кыргызстан митингчилик доорунан чыкты. Жана жарандар буга көңүл коюшту. Себеби алар саясий тирешүүлөрдөн тажашты. Албетте, мында өлкөдө туруктуулукту сактоого жетишкен Президенттин эмгеги бар”, - дейт И.Шестаков.

Ал белгилегендей, А.Атамбаевдин ишмердигине оң баа берүүлөрдүн арасында, Кыргызстан коомдук-саясий жашоосунда улуттук кызыкчылыктарын карманган бир нече жагдай бар экендигин айтууга болот. Тышкы саясий багытка жооптуу Президент дүйнөлүк олуттуу коомдук-саясий процесстердин жүрүшүнө карата өз пикирине ээ болуусуна жетише алды.

“Менин оюмча, конституциялык милдеттерин аткарууда А.Атамбаевдин позициясы маанилүү роль ойнойт. Тактап айтканда, А.Атамбаев мөөнөтү аяктаган соң мамлекет башчысы кызматынан кете тургандыгын бир нече жолу билдирген. Менимче, бул күмөнсүз. Билишибизче, Бакиев жана Акаевдин заманында мындай сценарийлер каралган эмес жана өлкөбүздү “мураскер” операциясы күтүп турган. Мунун баары эки жолку революция менен аяктады. Ошондуктан, мен президент конституциялык укуктарынын алкагында иштеп, мөөнөтү келген соң кызматтан кетет деген Атамбаевдин позициясы кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болду деп ойлойм. Бул жагдайлар абдан маанилүү”, - деп билдирди саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий