• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

21 жолу үйлөнгөн 84 жаштагы Иврай Молобеков илимий китеп жазды

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Кабар” агенттигине илимдин бардык тармактарында жаңы ачылыштарды жасагандыгын ырастаган 84 жаштагы кыргызстандык Иврай Молобеков кайрылды.

Ал өзүн табигый өнүгүүнү изилдеген туубаса окумуштуу атайт.

“Мен илимдин мурдагы багыты боюнча кеткен жокмун. Өнүгүүнүн теориялык жана практикалык тараптарын тактап, жаңы жол ачтым. Бардыгын изилдеп чыгып, илимдин бардык тармактарында жаңы ачылыштарды жасап, астрономия боюнча жаңы телолордун, жердин жана жашоонун келип чыгышы тууралуу китеп жаздым”, - деди И.Молобеков.

Мындан тышкары, ал табигый жол менен балдарынын зээндүү болушуна жетишкен, буга байланыштуу ал 21 жолу үйлөнгөн.

“Мен генофондду жакшыртууну жеке жол менен түздүм жана жасалма жол аркылуу уруктандырууну ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатам”, - деп белгиледи И.Молобеков.

Ошондой эле, туубаса окумуштуу анын изилдөөлөрүнө ылайык, ааламдын борборунда күн эмес, жер турарын ырастайт.

“Мен 4 жашымда жерге айланаларды чийип, орус мугалимине бул жерди күн айланып бара жатат деп түшүндүргөм. Андан кийин мен манасчы сыяктуу транс абалына түшүп, бир нерселерди айта берген учурларым көп болгон. Менин атам коркуп, кошунабыз – орус физигине мен эмне болуп жатканымда түшүндүрүп берүүсүн сураганда, ал менин илимий нерселер, астрономия тууралуу айтып жатканымды айткан. Кийин анын кеңеши менен мен баарын жазып, гезиттерге макалаларым чыгып турду”, - деп ынандырат ал.

Учурда авторго китебин чыгарууга каржылык колдоо керек.

Пикир

Оставить комментарий