• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: “Камбарата-1” ГЭСи мамлекет үчүн маанилүү стратегиялык долбоор

Президент 0

Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Жапаровдун айтымында, ГЭСте жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзүлөт.

““Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзөт. Ошентип, биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиянын зыянга учурабагандыгын эске алганда “Камбарата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор экени анык”, - дейт президент.

Маалымат үчүн: “Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Пикир

Оставить комментарий