• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Жумагазиев Канат Сагынович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы жетекчини аймактын активине президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий