• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант шаарында өрт тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кант шаарында өрт тактикалык машыгуу өттү, - деп билдирди ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев.

Машыгуу Ысык-Ата районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кант шаарынын борбордук базарында өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү багытында өткөрүлдү.

"Шарттуу түрдөгү өрт кырсыгы борбордук базардын ортосунда белгиленип, эки өрт өчүрүүчү техникасы тартылган. Өрт кырсыгы адамдардын өмүрүнө жана көп суммадагы материалдык чыгымдын алып келүүсүнө жол бербөө максатында, өрт өчүрүүчү зат берилип, өз убагында 70 м2 өрттүн аянты өчүрүлдү”, деп билдирди Эгембердиев

Өрт тактикалык машыгуу өз максатына жетти жана жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий