• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кантта Даниилдин уурдалышынын бетин ачкан милиционерлерге өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды – сүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 12 жашар Даниил Браилкиндин уурдалышынын бетин ыкчам ачкан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Даниилдин өзү жана анын атасы Виталий Браилкин катышты.

Вице-премьер-министр аталган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачууда ыкчам жана ырааттуу иш алып барган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Милиционердин иши – өмүргө жана ден-соолукка коопсуздук туудурган жана коомдогу тартипти жана тынчтыкты сактоого багытталган татаал жумуш. Сиздер ириде жарандардын кызыкчылыгы үчүн эмгектенип жатасыздар. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгегине объективдүү баа берүүнүн өзү – бул жарандардын ишеним көрсөтүүсү. Мындай ишенимди баалап, аны күн сайын чыңдоо зарыл», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал Даниил Браилкиндин уурдалышы коомчулукта чоң талкуу жаратып, кылмыш бетинин ыкчам ачылышы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ырааттуу иш алып баруусунун үлгүсү болуп бере алгандыгын баса белгиледи.

Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан салам жолдоп, ишинен өзгөчөлөнгөн милиционерлерге өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле вице-премьер-министр 12 жашар Даниил Браилкинге эстеликке белек берип, ага чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Даниилдин атасы Виталий Браилкин милиция кызматкерлерине жана Өкмөткө, ошондой эле алардын үй-бүлөсүн колдоого алып, аталган кылмыштын бетин ачууда көмөк көрсөткөн көңүл кош карабаган жарандарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты менен төмөндөгүлөр сыйланды:

- Мурзаканов Эрлан Замирбекович – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБ тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны;

- Усенов Азимбек Туратбекович – КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын уюшкан жана буйрутма кылмаштардын бетин ачуу бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянынкапитаны;

- Кулубаев Жениш Таалаевич – Чүй облусунун ИИБ башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын лейтенанты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөндөгүлөөргө алкыш жарыяланды:

- Артыкбаев Ринат Айдаркуловичке – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБ Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жашы жете электердин иштери боюнча участкалык инспектору, милициянын майору;

- Насирдинов Бакыт Токтобековичке – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБ Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын улук участкалык уполномоченныйы, милициянын майору;

- Өмүрбек уулу Сүйөрбекке – КР ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын сержанты.

Пикир

Оставить комментарий