• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кантта электриктин өлүмүнө жолдон өтүп бара жаткан жүк ташуучу унаа себеп болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Кант шаарында электрик каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-июлда Н.А. аттуу жаран тез тамактануучу жайына электр тогун өткөрүү үчүн зымдын бир учун куруна байлап, электр мамысына чыккан. Бул учурда жолдон өтүп бара жаткан жүк ташуучу унаа зымдын экинчи учун илип кеткен. Натыйжада Н.А. мамыдан кулап, алган жарааттарынан улам көз жумган.

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий