• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канттагы аба базанын макамы жана шарттары боюнча макулдашуу өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Генералдык штабы менен Россиянын Коргоо министрлигинин ортосунда 2012-жылдагы Бириккенкен россиялык аскерий базасынын КРнын аймагында орун алышынын шарттары жана макамы тууралуу макулдашуусуна алымча-кошумча киргизген протоколго кол коюлду.

Ал документ, Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагындагы тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында түзүлдү. Белгилей кетсек, Россиянын президенти Кыргызстанга бүгүн эртең менен учуп келген.

Генералдык штабдын башчысы Райымберди Дүйшембиев билдиргендей, түзүлгөн протоколдун алкагында эки мамлекеттин аскерий жана аскерий-техникалык багыттар боюнча кызматташуусунун жаңы шарттары каралган.

"Бул протокол, Кыргызстан менен Бириккен аскерий базасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн кыргыз аскерлерин учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу жана биргеликте колдонуу боюнча окутууну караштырат. Ошондой эле, ал, кыргыз учактары колдонгон Кант шаарындагы аба жайынын учуп-конуучу тилкесин модернизациялоону белгилейт", - деди ал.

Андан тышкары, протоколдо ижара акысын 4 млн. 790 миң долларга чейин көтөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий