• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Россия — биздин ишенимдүү союздашыбыз

Президент 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, чакан жана кейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөрдөн жана жыйынтыктоочу документтерге кол коюлгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн билдирүүсүндө Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгени үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

«Сиздин визитиңиздин алкагында биз мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Ал сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелердин бардык чөйрөлөрүн камтыды. Сиздин жеке катышууңуз жана колдооңуз менен биздин кызматташтыгыбыз бийик сапаттык деңгээлге чыкты. Активдүү динамикага ээ болууда. Сиздин мамлекеттик визит кыргыз-россия мамлесиндеги жаркын жана тарыхый окуя экенинде шек жок», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков, өзүнүн россиялык кесиптешине кайрылып.

Ал Россия Президенти Владимир Владимирович Путиндин мамлекеттик визитинин жүрүшүндө болгон жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин жана түшүнүшүүнүн духунда өткөнүн белгиледи. Биз эки тараптуу макулдашууларды камтыган документтердин чоң топтомуна кол коюлду. Алар эки мамлекеттин тең кызыкчылыктарына төп келишет жана биздин өз ара мамилелерибизди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот.

« Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу эки өлкөнүн элдери үчүн көп пайда алып келет деп ишенем. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар биздин өлкөлөр ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Стратегиялык өнөктөштүк духунда биз тышкы саясаттагы, соода-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөйбүз. Союздаштык мамилелердин алкагында регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешип аракеттенебиз.

Келерки 2020-жыл Кыргызстанда Россия менен кызматташуу Жылы деп жарыяланат. Ушундай эле кадам Россия тараптан да жасалат. Бул иш-чаралар биздин стратегиялык союздаштыгыбызды чыңдоого кошкон олуттуу салым болуп калат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Өз ара аракеттешүү маселелери, анын ичинде ЖККУ жана ШКУ сыяктуу регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип аракеттенүү маселелери талкууланды. Быйыл Кыргызстан бул уюмдарда төрагалык кылууда, Бишкекте мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы байланыштарды тереңдетүү боюнча ачык-айкын сөз болду.

Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. аны эки миллиард долларга чейин жеткирүү н ниети бар. Россиядан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 123 миллион долларды түздү. Бул 2017-жылга салыштырганда жыйырма беш пайызга көптүк кылат.

Соодадагы тоскоолдуктарды жок кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Айыл чарбасында кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө эки тарап тең кызыкдар. Бул Россиянын базарына чыгарылган Кыргызстандын агроөнөржай комплексинин продукцияларынын көлөмүн арттырат.

Транспорт, темир жол, энергетика жана өнөр жай кооперация чөйрөлөрүндө биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелерин ийне-жибине чейин талкууланды. Кыргыз тарап Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн эске алуу менен эки өлкөнүн жарандарынын өз ара катташы, алардын биздин өлкөлөрдө болуусу жана эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин козгоду.

«Мигранттар үчүн мунапыстын экинчи баскычын киргизгени үчүн биз россиялык тарапка ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн сегизинчи кыргыз-россиялык региондор аралык конференции ишин аяктоодо. Россиялык инвекстицияларды тартуу, кичи жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү биз үчүн олуттуу. Конференциянын жыйынтыктары боюнча бир катар региондор аралык келишимдерге, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү контракттарга кол коюлат. Биздин өлкөлөрдүн региондору жана бизнес түзүмдөрү ортосундагы түз байланыштар мындан ары да кеңири кулач жаят деп үмүттөнөбүз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери көңүл сыртында калган жок. Билим берүү, кадрларды даярдоо жана жаштар саясаты чөйрөлөрүндө байланыштар бекемделип жатат. Бишкекте Кыргызстандын жана Россиянын жождорунун биринчи форуму ийгиликтүү өттү. Биргелешкен долбоор — 25 жылдык тарыхы бар Борис Николаевич Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык славян университети бүгүн Кыргызстандагы жождордун флагмандарынын бири болуп калды. Азыр Россия Федерациясында 15 миңден ашык кыргызстандык жаштар билим алышууда. Алар өз Мекенине кесипкөй адис болуп келишип, Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.

«Биз биздин элдер ортосундагы руханий байланыштарды жогору баалайбыз. Алар биздин элдерибиздин жалпы тарыхына негизденген. Россия Федерациясы — биздин жакынкы, ишенимдүү союздашыбыз жана узак мөөнөткө стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россиянын жалпы коопсуздукту камсыз кылуудагы, глобалддык жана регионалдык көйгөлөрдү чечүүдөгү чечүүчү ролун тааныйбыз. Россиянын ийгиликтерине ар дайым кубанабыз. Биз кыргыз-россия достугун чыңдоого карай активдүү багытыбызды ырааттуулук менен улантабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий