• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каныбек Туманбаев: Профсоюздар федерациясынын мүлктөрү менчиктештирилбейт

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгына өтүп жаткан Профсоюздар федерациясынын мүлктөрүнүн бири дагы менчиктештирилип, бирөөгө берилбейт. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ошол Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, талкаланып жана менчиктештирилип бараткан мүлктөрдү сактап калуу президенттин негизги максаты жана аракети болгон.

"Президентибиздин тапшырмасы менен Профсоюздан алынган баардык мүлктөр оңдоп-түзөөдөн өтүп, менчиктешип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып, санаторий, курорттор санариптештирилип эл үчүн кызмат кылууга берилет. Бир мисал, "Жыргалаң" курорту бүгүнкү күндө жаркырап, конокторду кабыл алууда. Ар кандай ушактар менен жана каралоо сөздөр аркылуу жакшы иштерге көлөкө түшүрбөй туруңуздар", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, соцтармактардын айрым колдонуучулары Арстанбаптагы Профсоюздар федерациясынын карамагындагы пансионат менчиктештирилип жатканы тууралуу жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий