• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Примов Россия Мамдумасынын КМШ маселелери боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Москвада өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин төрагаларынын үчүнчү жыйынынын алкагында өтүп, анда эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелери каралды.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий жана гуманитардык кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Улан Примов Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономика, соода, коопсуздук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө түрдүү тармактарда кызматташуунун эбегейсиз зор потенциалы жана олуттуу перспективалары бар экенин белгиледи.

Комитет төрагасы эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө токтолуп, КМШнын Эл аралык парламенттик ассамблеясынын жана ЖККУ ПАнын платформаларында парламентарийлердин натыйжалуу диалогуна көңүл бурду.

«Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин адистештирилген комитеттеринин жыл сайын өтүүчү биргелешкен жыйындарынын алкагында жемиштүү кызматташуулар жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Жолугушууда миграция жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улан Примов иштеп жаткан кыргызстандык жарандардын бир катар актуалдуу маселелерине токтолуп, ЕАЭБдин жарандары Биримдиктин кайсы бир мүчө-мамлекетинин аймагында эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керектигин баса белгиледи. Ошону менен бирге ал Россия жаңыланган миграциялык саясаттын алкагында Кыргызстандын эмгек мигранттарынын абалынын начарлашына алып келе турган жаңы эрежелерди жана процедураларды кабыл албайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Леонид Калашников кызматташуунун бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтып, Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине ийгиликтүү төрагалыгын белгиледи.

Белгилей уетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий