• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Бороновдун талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү.

Парламенттеги жыйында көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов сөз сүйлөдү.

“Премьер-министр кызматтан кетти. Ал жагдайга жараша туура чечим кабыл алды деп ойлойбуз. Албетте, азыр өкмөт башчысы алмашпай турса жакшы болмок. Бир жагынан коронавирус пандемиясы менен күрөшүү, экинчи жагынан бул илдеттин экономикага тийгизген залакасын жоюу сыяктуу курч маселелер турат. Булар − өкмөттүн буга чейин кылган аракетти улантууну, ырааттуулукту талап кылчу жагдайлар.Биз, коалициялык көпчүлүк, ушул кырдаалды саясатташтырып, учурдагы абалды курчутууга жол бербей, жалпы өлкөбүз үчүн жакшы натыйжа берчү чечим кабыл алуубуз зарыл болду. Азыркы кырдаалдагы негизги максатыбыз − өкмөттүн ишин аксатпай, ырааттуулукту сактап калышыбыз керек”, - деди ал.

Ал билдиргендей, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу министрлер кабинетинде минималдуу өзгөртүүлөрдү жасаш керек.

“Башкача айтканда, эң зарыл болгон гана өзгөрүүлөргө баруу менен, жоготууларга жол бербөө үчүн – өкмөт курамындагы өзгөрүүлөр минималдуу болушу абзел. Азыр келген премьер – парламент кайра шайланып келген учурга чейин иштей турган, убактылуу премьер болору баарыбызга белгилүү болуп турат. Мындай өткөөл мезгилде келген премьер – эл оозунда "техникалык премьер" деп аталып жүрөт. Мындай убактылуу кызматка амбициялуу саясий фигуралар макул болуп, тобокелдикке бара бербейт. Ошондуктан, азыр жоопкерчиликти ошол "техникалык" милдетти аткарып келген биринчи вице-премьерге жүктөп, ага мүмкүндүк берүү максатка ылайыктуу болот. Анын үстүнө, алдыбызда парламентке шайлоо өткөрчү жоопкерчиликтүү милдети турат. Ошондуктан, азыр келчү премьер-министр шайлоого аттанчу саясий топтордон көз каранды эмес, нейтралдуу фигура болушу керек”, - деди ал.

Анын айтымында, кийин, парламенттик шайлоо болгон соң, жеңип келген саясий топтор кийинки 5 жылга туруктуу өкмөттү, өкмөт башчыны өздөрү шайлап алышат.

“Биз мына ушундай логикага ылайык аргументтерди эске алып, бир чечимге келип, Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьерликке көрсөттүк”, - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген, ал эми бүгүн, 16-июнда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алган.

Кубатбек Боронов 2018-жылы апрелде жаңы өкмөттүн курамы менен келип биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалган. Ага чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп көп жыл иштеген. Ал эми Абылгазиев 27-майда эмгек өргүүгө кеткенде премьер-министрдин милдетин аткарып жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий