• 88.68
  • 95
  • 0.95

Легендарлуу парламенттин депутаттарына юбилейлик медалдар тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Президенттин жарлыгына ылайык чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаттары сыйланды.

Медалдарды сыйлык ээлерине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана депутат Аманкан Кенжебаев тапшырды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев легендарлуу парламентти жараткан инсандарды куттуктап, парламентаризмди өнүктүрүүгө, анын маанилүү бийлик бутагына айлануусуна өзгөчө салым кошконун белгиледи. “Жалпысынан Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы алгач парламент тарабынан тастыкталып, эгемендигибизди далилдеген чечимдердин бардыгы депутаттар тарабынан кабыл алынды. 30 жыл мурун 1993-жылы кабыл алынган Конституциябыз жаӊы курулган кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөгө, бийликтеги теӊ салмактуулукту, өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого шарт түзгөн”, - деди Нурбек Сыдыгалиев.

Президенттин жарлыгы менен маарекелик медаль чыгарылып, Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошкон инсандарга ыйгарылып жатканын төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий