• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын төрагалыгы астында Экономикалык кеңештин 100-юбилейлик жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйынына төрагалык кылды.

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 15 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды.

Алсак, кабыл алынган документтердин бири КМШга мүчө-мамлекеттердин 2035-жылга чейинки мезгилге, энергетика тармагындагы кызматташуу Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын Планы болду.

Бул демилге дүйнөлүк экономикадагы жана энергетикалык рыноктордогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен КМШ өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары, 2018-2022-жылдарга карата Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отчету жана 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы сунушталды.

Ошондой эле делегация башчылары экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өз сөзүндө Кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө «Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун» белгиледи.

«Экономиканын түрдүү тармактарындагы эң татаал көйгөйлөр чечилип, көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдери түзүлдү, стратегиялык жана концептуалдык деңгээлдеги документтер иштелип чыкты. Юбилейлик жыйында Экономикалык кеңеш тарабынан бардыгы болуп 1600дөн ашык интеграциялык маселелердин каралгандыгын баса белгилегим келет. Даярдалган маанилүү документтердин арасында 2020-жылга жана 2030-жылга чейинки мезгилдеги Экономикалык өнүгүү стратегиялары, Эркин соода келишими жана пайда болгон көйгөйлөргө чара көрүү боюнча биргелешкен чаралардын тизмеси бар. Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында, кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, 2020-жылга жана 2030-жылга чейин инновациялык кызматташуунун мамлекеттер аралык программалары боюнча маанилүү келишимдер кабыл алынды”, – деди Адылбек Касымалиев.

Аягында, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, 2024-жылга КМШ Экономикалык кеңешинин төрагалыгын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукка өткөрүп берди.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги экономикалык күн тартибин ишке ашыруу төрагалыгы аяктады, 2023-жылга пландаштырылган дээрлик бардык иш-чаралар аткарылды деп айта алабыз», - деп өз сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий