• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балта шаардык бюджетинде 5,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. 2022-жыл аралыгында Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 5 млн 735 миң сом финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинде:

  • каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 5 651,0 миң сом, анын ичинен:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 169,6 миң сом;

- материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды эсептегенде, акча каражаттарын, негизсиз эсептен чыгаруу – 16,7 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 317,0 миң сом;

- эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 3 147,7 миң сом.

  • Бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери – 84,0 миң сом, анын ичинде:

- бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 84,0 миң сом.

  • Аныкталган бюджеттин рзервдери жана жоготуулары – 6 141,0 миң сом, анын ичинде:

товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары-1 063,8 миң сом;

эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 2 520,6 миң сом;

бюджетин башка резервдери жана жоготуулары – 2 556,6 миң сом.

  • Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 6 818,7 миң сом, анын ичинде:

- ТМБнын нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 6 818,7 миң сом;

- Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 3 848,9 миң сом.

Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий