• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда бала бакчада тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөй тургандыгы тууралуу маалымат тараган.

Финансы министрлигинен такташкандай, Кыргыз Республикасынын ылайык "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык – "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат".

Пикир

Оставить комментарий