• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда жаңы курулган мектептер пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда Кара-Суу районунда үч жаңы мектептин ачылыш аземи өткөрүлдү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чараларга Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкүлдүн орун басары окуучуларды билим күнү куттуктап, билим берүү тармагына шарт түзүүгө аракеттер жүрөт деп билдирди. “Бүгүнкү билим күнү менен баарыңыздарды куттуктайм. Мугалимдер билим сапатын жогорулатууга, ал эми биз билим берүү тармагына шарт түзүү боюнча аракет кылабыз. Жаңы окуу жылында Ош облусунун билим берүүдөгү көрсөткүчү жогорулап, окуучуларыбыз предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырат деп ишенем ”, - деди Данияр Жаныкулов

Жаңы курулуп, пайдаланууга берилген мектептер тууралуу маалымат:

Кара-Суу районуна караштуу Савай айылдык аймагынын Кең-Сай айыл аймагындагы №56 Кең-Сай орто мектеби райондук борбордор 2 км алыстыкта турат. Мектепте 551 окуучуга 30 мугалим билим берүүдө. №56 Кең-Сай орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2014-жылы ноябрь айында башталган. Имарат 375 орунга ылайыкташтырылып, жалпы сметалык баасы 87 млн 45 миң сомду түзөт.

Кара-Суу районуна караштуу Жаны-Арык айылдык аймагынын Ак–Терек айылындагы № 4 “Ак-Терек” орто мектебинде 149 окуучуга 16 мугалим билим-тарбия беришүүдө. №4 «Ак–Терек» орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы декабрь айында башталган. Имарат 100 орунга ылайыкташтырылып, жалпы сметалык баасы 25 млн 841 миң сомду түзөт.

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Каратай айылындагы № 39 Султанов Адилбек атындагы орто мектебинин эки кабаттуу имаратынын курулушу 2015- жылы башталган. 275 орундуу билим уясынын суммасы 36 млн 543 миң 273 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий