• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу РЭТине 8 даана жаңы трансформатор орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинде 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү максатында ремонттук иштер аткарылып жатат.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, учурда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Стант айылында ТП-1012 трансфоматор утурумдук оңдоодон өткөрүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү утурумдук, капиталдык ремонт иштери быйыл дагы жасалып жатат.

Быйылкы жылга карата пландын негизинде бир топ жумуштар аткарылмакчы. Тактап айтканда, 8 даана жаңы трансформатор орнотулат, ВЛ-10 кВ аба чубалгылары 3,1 км тартылып, ВЛ-6-10кВ аба чубалгылары 4 км жана ВЛ-0,4кВ аба чубалгылары 1,8 км реконструкциядан өткөрүлөт.

Жалпысынан 215 даана жаңы электр мамычалары орнотулат.

Мындан тышкары, КТП-791 даана, ВЛ-10кВ 455 км, ВЛ-0,4- 556 км аба чубалгылары техникалык кароодон өткөрүлүп, КТП-124 даана, ВЛ-10кВ- 60,73 км оңдоп түзөө жасалат.

Пикир

Оставить комментарий