• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Текебаев квалификациялуу кадрларды даярдоодо германиялык компанияларды кызматташууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Гамбург шаарында “Саламаттык сактоо сектору үчүн квалификациялуу жумушчу күчү: Борбордук Азияга көңүл буруу” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Кыргызстан ТИМнин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Гамбургдун Соода палатасы тарабынан уюштурулган тегерек столго Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Германиядагы элчилери, ошондой эле квалификациялуу кадрларды тартууга кызыкдар болгон саламаттык сактоо, оорулууларга жана кары-картаңдарга кам көрүү тармагында иштеген бир катар германиялык компаниялардын жетекчилери катышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды Кыргызстанда жана Германияда ишке орноштуруу маселеси боюнча кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп, бул багытта германиялык компанияларды кызматташууга чакырды.

Германиялык компаниялардын өкүлдөрү саламаттык сактоо жана кары-картаңдарга жана оорулууларга кам көрүү тармагында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешип, кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары мындай кызматташтыкты ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде немис тили үйрөнүүгө жана кесиптик даярдыкка байланышкан маселелерди чечүү боюнча, Германияга квалификациялуу кадрлардын келишине жана анда болушуна тийиштүү эрежелерди кеңири талкуулай алышты.

Пикир

Оставить комментарий