• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Оштун Кара-Суу районунда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 13-октябрда Кара-Суу райондук милициясына арыз менен 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М. жана 33 жаштагы З.О. аттуу жарандар кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. Малдардын жалпы суммасы 210 миң сомду түзөт.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (“Уурдоо”) негизинде иш козголгон.

Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий