• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда мектептин ачык аянтында 6 тонна көмүр күйүп кетти

Аймак 0

Бишкек,30.11.17./Кабар/. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылындагы №105 Токтомуса Алимбеков атындагы орто мектептин ачык аянтында 6 тонна көмүр күйүп кеткен. Бул тууралу бүгүн, 30-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “101” өрт өчүрүү кызматына мектепте көмүр күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, кечки саат 21:35 өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий