• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр арасында ушу боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 30.11.17./Кабар/. Бишкектеги “Жаштык” жаштар борборунда өспүрүмдөр арасында ушу боюнча турнир өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган турнирге Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынан 7 жаштан 20 жашка чейинки 150 өспүрүм келип, күч сынашты.

Билдирүүдө айтылгандай, иш-чаранын аягында ар бир катышуучуга белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий