• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балбан Арсалан Будажапов Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 23.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Үчүнчү орун үчүн күрөштө Будажапов (79 кг) түркмөнстандык Гурбанмурат Овезбердиевге каршы килемге чыккан. Бирок түркмөнстандык балбан күрөшпөй турганын билдиргенде жеңиш кыргыз балбанына берилди.

Арсалан Будажапов турнирдин башында кореялык балбанды утуп, финалга чыкчу кармашта индиялык спортчуга жеңилип калган.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 11 медаль багындырышты:

Алтын медаль:

Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;

Тынар Шаршенбеков - 63 кг;

Акжол Махмудов - 77 кг;

Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:

Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг;

Эрназар Акматалиев - 70 кг.

Коло медаль:

Алмаз Сманбеков - 57 кг;

Адилхан Нурланбеков - 72 кг;

Үзүр Жузупбеков - 97 кг;

Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий