• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Сууда окуучулар арасында массалык мушташ болуп, 31 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.18 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 21нен 22-ноябрга караган түнү массалык мушташка катышкан 31 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, милицияга 21-ноябрда саат 23:30дар чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармашкан.

Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н уулу Н. денесинин ар жерине миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы.

Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталган. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мушташтын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий