• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир аптада 22,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан 23-июлуна чейин өлкө аймагында 22 миң 215 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 298;
- мас абалында унаа башкаруу - 283;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-58;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 миң 269;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 374;
- авто ээнбаштык - 3;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 599;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 325;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 696 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий