• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Сууда саат 20:30дан кийин көчөгө чыкса болбойбу? Жылкыбаевдин жообу

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Райондук штабдын чечимине ылайык, кечкисин дүкөнгө чыгууга чектөө коюлууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, республикада аймагында өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

"Кечинде жана түндө дүкөнгө чыгуу боюнча райондук штаб чечим кабыл алган. Анткени дүкөндөрдө адам чогулуп жаткан учурлар байкалып жаткан. Кабыл алган чечимге баш ийүүңүздөрдү чакырабыз. Түнкүсүн үйдө отуруңуздар. Эч кандай коменданттык саат деген жок, бирок чектөө бар", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий