• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык Папан айыл аймагына караштуу Ак-Буура-1 айылында болгон.

"Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, 2 терезе жана үй буюмдары күйүп кеткен. Тилсиз жоодон 1956-жылкы киши каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий