• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 8 чарчы метр шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Мраморное айылында турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрт жылытуучу морлордун жана мештердин туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий