• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маршруттун айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп, аны тебелеп кеткенин байкабай калган

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Бишкекте жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө маршруттун айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 17-августта Тимур Фрунзе жана Каховский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. №281 маршрутканын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн баланы сүзгөн. Маалым болгондой, ал баланы байкабай, кийинки көчөдөн гана токтогон.

Чогулган материалдар ИИББдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий