• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Чүй облусунун Сокулук районундагы Чат-Көл айылында жалпы аянты 100 чарчы метр болгон сарай жана 300 арпа саман, 300 беде түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарынын Казиева көчөсүндө кампанын 22 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий