• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы: Акыркы үч жылда калктын жан башына ИДП $669 өскөн

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетту кароонун алкагында Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасады.

2022-жылга карата бюджетти аткаруу боюнча министрлер Ккабинетинин ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасында министрлер кабинетинин төрагасы, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономиканын динамикалык өнүгүүсүн чагылдырган негизги экономикалык көрсөткүчтөргө басым жасады.

Алсак, министрлер кабинетинин башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419,3 миллиард сомго өскөнүн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи.

Калктын жан башына ИДП доллар менен эсептегенде былтыр 1665 доллар болсо, 2023-жылы 1900 долларга жеткен. Ал эми акыркы үч жылда калктын жан башына ИДП 669 долларга өссө, 2010-2020 жылдар аралыгында өсүү 311 доллар болгон.

Бул сандар экономикалык өсүштү айкын көрсөтүп турат, ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун айтымында, «бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт».

Пикир

Оставить комментарий