• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токиодо өтүп жаткан көргөзмөдө кыргыз балына кызыгуу артып жатат. Видео

Экономика 0


Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Ушул күндөрү Токио (Япония) шаарындагы Tokyo Big Sight көргөзмө борборунда ден соолукка пайдалуу азыктардын, буюмдардын көргөзмөсү өтүп жатат. Аянтчада кыргызстандык товарлар да коюлган.

Көргөзмөдө негизинен кыргыз балына кызыгуу жогору болуп жатканы белгиленет. Учурда Японияда жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган кыргыз делегациясы дагы аталган көргөзмө менен таанышты.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Японияда иш сапары менен жүрөт, анын алкагында Борбор Азия инвестициялык форумунун ишине катышып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий