• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Жыгач айылында үч кыргоолду аткан браконьер кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Адамүдүн районунун Кара-Жыгач айылында үч кырголду аткан браконьер райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, коргоого алынган канаттууларды аткан жаран Бишкек шаарынын тургуну Сабыркул Ажыкулов болгон.

Ажыкулов кылган ишине өкүнө тургандыгын билдирдиген. Ал кыргоолдорду аткандыгы үчүн 15 миң өлчөмдөгү айып төлөгөн.

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык үч кыргоолду мыйзамсыз атуу үчүн айыптардын көлөмү 27 миң 500 сомду түзгөн. Ошол себептен учурда Аламүдүн райондук соту тарабынан мамлекеттин пайдасына калган 12 миң 500 сом көлөмдөгү айыпты төлөтүү боюнча материалдар дайындалууда.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргоолдорго аңчылык кылууга 7-октябрдан 9-декабрга чейин уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий