• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Каракол" лыжа базасында каза болгон өспүрүм. Окуянын чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун "Каракол" лыжа базасында каза болгон өспүрүм энеси менен Казакстандан келген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ак-Суу райондук милициясынын нөөмөт кызматына 12-январда "Каракол" лыжа базасында өспүрүм тоодон лыжа менен түшүп келе жатып, кырсыктап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жиберилген.

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Казакстандын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен 3-январда Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келгендиги аныкталган.

10-январда аталаш бир тууганы үй-бүлөсү жана карындашынын баласы И.С. менен Каракол шаарына келишип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен "Каприз" лыжа базасында эс алып жүрүшкөн.

"12-январь күнү болжол менен саат 13:00дө өспүрүм лыжа базасында эс алуу учурунда 3 миң 40 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Болжол менен 2 миң 700 бийиктикте трассанын батыштан чыгышка бурулган жерден, лыжа тээп түшүп бара жаткан бала бурула албай, өсүп жаткан чоң карагайды сүзгөн. Алган жаракаттарынан улам өспүрүм окуя болгон жерден каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өспүрүмдүн сөөгүн сырттан кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталды.

Жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий